Пранк болгон. Жүрүп бараткан унаанын айнегин тээп сындырган адам кармалды
RU

Пранк болгон. Жүрүп бараткан унаанын айнегин тээп сындырган адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетте белгисиз адам BMW үлгүсүндөгү унаанын үстүнө секирип, алдыңкы айнегин буту менен талкалап салган видео тараган. Ал адам да айдоочу да кармалды. Экөө тең кармалганын Чүй облустук ИИБи билдирди.

Текшерүү учурунда алардын өздүгү такталып, 1999-жылы туулган Р.Д. жана 2004-жылы туулган Г.А. экени белгилүү болду.

"Сурак маалында бул адамдар видео пранк тартып жатышканын түшүндүрүп, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кечирим сурашты", - деп билдиришти ШИИБден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7242