Бишкекте Toyota Ist унаасынын айдоочусу курьерди сүзүп кетти. Видео
RU

Бишкекте Toyota Ist унаасынын айдоочусу курьерди сүзүп кетти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө (Скрябин көчөсүнө жакын) Toyota Ist унаасынын айдоочусу скутер менен бараткан курьерди сүзүп кетти. Окуя саат 13:25те болгон.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, унаанын айдоочусу бурулуп бара жатып скутерге тийген. 22 жаштагы скутердин айдоочусу тирүү. Ал ооруканага жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7252