Бишкекте үч жашар Жасмин аттуу кыз жоголду. Жардам берүүнү суранышат
RU

Бишкекте үч жашар Жасмин аттуу кыз жоголду. Жардам берүүнү суранышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-июнда борбор калаанын тургуну кызы жоголуп кеткенин айтып аны издөөгө жардам берүүнү суранган. Кызы Узакбаева Жасмина Абдумомуновна 2019-жылдын 19-январда туулган. Ал ошол эле күнү, 26-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Почтовой көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Учурда дайынсыз жоголгон кыздын кайда экени белгисиз.

Белгилери: бою болжол менен 85-90 см, арык денелүү, чачы кыска, күрөң.

Ал кызыл көйнөк жана жашыл ласина кийип жүргөн.

Кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: 0312 35 26 05, 0312 44 44 57, 0312 35 26 32, 0553 10 28 730, 805, 0553 83 30, 0701 64 44 03, 0500 03 20 00, 0755 57 95 80 жана 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7259