Үч күн мурун Эркиндик бульварынан ала качылган кыз табыла элек
RU

Үч күн мурун Эркиндик бульварынан ала качылган кыз табыла элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-июнга караган түнү Эркиндик-Жибек Жолу тилкесинде Subaru impreza унаасы менен кызды ала качып кетишкен эле. Окуяга күбө болгондор жардамга чуркап барганча, алар айдап кетүүгө үлгүрүшкөн.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирген.

Учурда, милиция кызматкерлери уурдалган кызды издөөнү улантууда.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, ала качкандардын өздүгү азырынча тактала элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7274