Жубайлар эгиз балдарына президенттин ата-энеси Нуркожо менен Кадижандын ысымын ыйгарышты
RU

Жубайлар эгиз балдарына президенттин ата-энеси Нуркожо менен Кадижандын ысымын ыйгарышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сезим менен Бакытбек эгиз балдарына президенттин ата-энеси Нуркожо менен Кадижандын ысымын ыйгарышты. Алар Садыр Жапаровго бул маалыматты жеткирүү өтүнүчү менен Kaktus.media сайтынын редакциясына кайрылышкан.

"Былтыр, 14-сентябрда эгиз уул-кыздуу болдук. Аларга көрүнүктүү инсандардын атын ыйгарууну каалап, президенттин атасы менен апасынын - Нуркожо менен Кадижандын атын ыйгардык. Алар Садыр Жапаровдой уулду чоңойтушса, демек, жакшы кишилер болгон", - деди Бакытбек.

Эгиздердин апасы бул ысымдарды жолдошу экөө атайын тандап алганын айтат.

"Төрт балабыз бар. Улуу балдарыбыздын атын жолдошумдун жакындары коюшкан. Бул жолу жолдошум экөөбүз кыргыздын байыркы ысымдарын тандап алгыбыз келди. Татыктуу инсандын ысымы коюлушу маанилүү болду", - дейт ал.

Үй-бүлө президенттен эч кандай белек күтпөгөнүн белгилейт. Бирок ошондой болсо да Садыр Жапаров жок дегенде ата-энесинин ысымын алган балдарды көрүшүн каалашкан.

Сезим менен Бакытбек Нарын облусунан, бирок азыр Бишкекте жашашат.

"Жолдошум курулушта жана кароолчу болуп иштейт. Мен беш жылдан бери декреттик өргүүдө жүрөм, анткени Элдос үч жашта, эгиздер он айга чыга элек. Ага чейин университетте мугалим, колледжде директордун орун басары болуп иштегем. Балдар кичине болсо, жумуш жөнүндө ойлоно албай калат экенсиң", - деп кошумчалады Сезим.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7277