Садыр Жапаров атындагы көчө пайда болду
RU

Садыр Жапаров атындагы көчө пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактардагы президенттин аты ыйгарылган көчө тууралуу видеонун чын-төгүнүн Temirov LIVE командасы иликтеди.

Иликтөөдө "Садыр Жапаров атындагы көчө" деп жазылган такта Рухий-Мурас жаңы конушунда илинип турары маалым болду. Бирок, Darek.kg сайтында айтылуу конуштун төмөн жагындагы көчөлөрдүн эч кандай аталыштары жок.

Эң негизгиси, "Садыр Жапаров көчөсү" эч кандай каттоого алынган эмес.

Мындай тактайды илүү менен айтылуу көчөнүн тургундары жер көйгөйлөрүн бийликке жеткирүү аргасын жасаган деген божомолдор бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7327