Кыргызстанга инсулин алынып келинди
RU

Кыргызстанга инсулин алынып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан инсулин протофандын гуманитардык партиясын алды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы эндокринологу Наталья Добрынина тастыктады.

Биринчи кезекте 1-типтеги кант диабети менен ооругандарга берилет. Бирок оорунун экинчи түрү менен ооругандарга дагы калтырылат. Ошондой эле эртеңкиге чейин аймактарга инсулин таратыла турганы айтылды.

Эске салсак, Кыргызстанда инсулин жетишсиздиги боюнча көйгөйлөр жыл башынан бери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7333