Жалал-Абадда тез татымдан 23 адам ууланды
RU

Жалал-Абадда тез татымдан 23 адам ууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда тез тамактануучу жайдан 23 адам ууланды. Буга байланыштуу "Ага-Ини" жайынын иши убактылуу токтотулду.

Айтылуу тез татым точкасы күнүнө 50дөн 100гө чейин хот-дог, шаурма жана гамбургер чыгарат. Экспертизага бардык азыктардан проба алынды.

"Тамактануучу жайдын абалы санитардык-гигиеналык жана санитардык-техникалык талапка жооп бербейт. Болгону төрт жумушчу бар, алардын баарынын санитардык китептери, кийимдери жок", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7337