"Курстарга барган жокмун". ЖРТдан эң жогорку бал алган Эрлан менен маек
RU

"Курстарга барган жокмун". ЖРТдан эң жогорку бал алган Эрлан менен маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган Эрлан Колбаев Kaktus.kg сайтына ЖРТга кантип даярдангандыгы тууралуу айтып берди.

Эрлан Бишкектеги No70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү. Ал ЖРТга эч кандай курска барбай эле даярданганын айтат.

"Мен эч кандай курска барган жокмун. Уйдөн эле төрт айдай катуу даярдандым. Мектепте жакшы окучумун, тестте ошол мектепте өтүлгөн эле темалар келет. Андан башка сыры жок. Ошондуктан сабакты жакшы окуса жетиштүү",-деп тест тапшыруу учурунда аябай берилүү менен тапшырмаларды аткарганын белгиледи.

Эрлан ЖРТдан барынан биринчи болорун күтпөгөнүн айтат.

"Жогору балл алам деп күткөм бирок, эң жогорку бал алам деп ойлгон эмесмин. "Алтын сертификат" алганымды досторумдан билип, көпкө ишенбей жүрдүм. Барынан да ата-энем көп сүйүндү"- дейт ал.

Эрлан кайсы окуу жайга тапшырарын чече элек. Бирок, Кыргызстанда калып, экономика тармагында окуйм деген ою бар.

"Мектепте жүргөндө бизнес тармагында дагы окуп калдым. Ошондон улам экономикага кызыга баштагам, ошол тармакта окуюн деп жатам. Бирок, кайсы университетке тапшырууну чече элекмин. Көпчүлүк чет өлкөгө чыгып окугусу келет эмеспи, ал эми мен Кыргызстанда эле калып окугум келет. Анткен менен кесе айта албайм, оюм өзгөрүп да кетиши мүмкүн",- дейт.

Кызыгы Эрландын бир туугандарынын баары бир мектепте окуган жана агасы да "Алтын сертификат" алган. Байкеси ага мотивация болгонун айтат.

"Бир ийгиликке жетүү үчүн биринчиден каалоо керек. Анан билим алуу эң маанилүү деп ойлойм. Анткени көп нерсеге жеткирет. Ар бир адамдын өзүнүн күчтүү тарабы бар, бирок аны дагы өнүктүрүүгө эмгек талап кылынат",- деп сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7339