Депутаттардын отурушуна бюджеттен акча бөлүнгөн жок
RU

Депутаттардын отурушуна бюджеттен акча бөлүнгөн жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаровдун атынан депутаттарга уюштурулган сый тамакка бюджеттен каражат бөлүнгөн жок.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы эс алууга чыгып жаткан парламент депутаттарын Бишкектеги ресторандардын бирине сый тамакка чакырган.

Мындай бейрасмий жолугушуулардын максаты – бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын ортосунда түз диалог түзүү экени айтылган.

КР президентинин аппаратынын басма сөз кызматы өткөн иш-чарага байланыштуу чыгымдарды төлөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөгөнүн жана мындан ары да бөлүнбөй турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7358