U15 Азия чемпионатында кыргызстандыктар 10 медаль утушту
RU

U15 Азия чемпионатында кыргызстандыктар 10 медаль утушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манамада (Бахрейн) өтүп жаткан күрөш боюнча 15 жашка чейинки Азия чемпионатында кыргызстандыктар жалпы 10 медаль утушту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды.

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар эки коло жана бир күмүш байгеге ээ болушту.

Ошондой эле Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болуп, жалпы эсепте төртүнчү орунду ээледи.

Белгилей кетсек, бүгүн балбандар эркин күрөш боюнча күчүн сынашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7378