Имам Садыбакас Дооловдун үстүнөн УКМКга арыз түштү
RU

Имам Садыбакас Дооловдун үстүнөн УКМКга арыз түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Имам Садыбакас Дооловдун үстүнөн УКМКга арыз жазылды. Бул тууралуу активист Умай Арыкова Twitter баракчасына билдирди.

"Садыбакас Дооловдун аялдарды малга салыштырып, аялдардын кийимин көзөмөлдөөгө чакырып, аялдарды басмырлап, укуктарын тебелеген баяндары үчүн УКМК менен Мамлекеттик прокуратурага арыз жаздык", - дейт Умай.

Активист имамдын айткандары Конституцияга жана Кылмыш кодексининин 189-беренесине каршы келээрин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7433