Айыккан кызга акча чогултуп жүргөн алдамчы волонтерлор аныкталды
RU

Айыккан кызга акча чогултуп жүргөн алдамчы волонтерлор аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Түркияга барып дарыланып келгенине эки жумадан ашкан кичинекей кызга акча чогултуп жүргөн волонтер аныкталды.

"Кайгуул кызматы айдоочулардан жолдогу кайырчылык менен алек болгон жарандарга акча бербөөгө чакырат. Акыркы күндөрү оорулуу балдарды операция кылганга жардам сурап көчөлөрдө акча чогултуп жүргөн жаш улан-кыздар көбөйдү. Буларды иштетүүнү уюштуруп жаткан адамдардын айрымдары өз кызыкчылыктары үчүн да иштетип жаткандыктары аныкталууда",-деди башкармалык.

Азаркы учурда тилемчиликти күнүмдүк жумушуна айландыргандар кайгуул кызматы тарабынан текшерилип, аларды жолдордон тазалоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7451