"Зомбулук күчөдү". Президенттин тарапташы андан көңүлү калганын айтты (видео)
RU

"Зомбулук күчөдү". Президенттин тарапташы андан көңүлү калганын айтты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун тарапташы зомбулукка каршы митингге чыкты. Ал президенттен көңүлү калганын билдирди.

Анын айтымында, ал буга чейин дайыма президентти колдоп, шайлоодо жардам берип келген. Бирок өлкөдө адилетсиздик күчөгөнү үчүн азыр анын пикири өзгөргөн.

"Күн сайын зордук-зомбулук, адилетсиздик тууралуу угуп жатабыз. Мени бул жерге бирөөнүн буйругу менен келди деп ойлошу мүмкүн, бирок мен өзүм келдим. Мени бул жакка келбе деп жол тоскондор болду", - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 8-июлда Свердлов райондук сотунун имаратынын жанында 16 жаштагы кызды зордуктаган айыпталуучуну бошотуп жибергендиги үчүн митинг өтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7453