Курман айт күнү мал базарда бир кой канча турат? Видео
RU

Курман айт күнү мал базарда бир кой канча турат? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл сайын миңдеген кыргызстандыктар Курман айтта курмандык чалышат, бирок жаныбарлардын тизмеси чектелүү: төө, уй, бука, топоз, кой жана эчки. Башка жаныбарларды союуга болбойт.

Kaktus.media сайтынын редакциясы мал базарды кыдырып, Курман айт күнү малдын орточо баасы канча болуп жатканын билди. Сатуучулардын айтымында, бир кой баасы 10 миң сомдон 20 миң сом турат. Көбүнчө сатып алуучулар койлорду 15-16 миң сомго сатып алышат.

Ошондой эле сатуучулар акыркы бир жылда малдын баасы анча деле өзгөрбөгөнүн кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7464