Тажикстандын абагында жаткан 11 кыргызстандык мекенине кайтып келди
RU

Тажикстандын абагында жаткан 11 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын абактарында жаткан 11 кыргызстандык бошотулуп, мекенине кайтып келди. Бул маалыматты "Азаттыктын" журналисттерине 2021-жылдын 24-октябрынан бери Хожент шаарындагы СИЗОдо камакта жаткан Айдарбек Хайдаров тастыктады. Анын айтымында, аны менен бирге Кыргызстандын дагы он жараны кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Алардын баары чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен ар кайсы убакта Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Кыргызстандын расмий органдары бул боюнча комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7474