Маршрутканын люгун ачып койгон аялды башка чапкан эркек кармалды. Видео
RU

Маршрутканын люгун ачып койгон аялды башка чапкан эркек кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 152-маршрутканын люгун ачып койгон аялга эркек кол көтөрдү.

Жабырлануучунун айтымында, ал кызы менен маршруткага түшүп, ысыктан люкту ачып койсо, сакалчан адам анын башына жана колуна урган. Видеонун астына аял дароо арыз жазганын, бирок милициянын аракетсиздигин айтып даттанган.

Милиция өз кезегинде ыкчам чара көрүшкөнүн билдирди. Кызматкерлер ал адамдын өздүгүн тактап, ал 1988-жылы туулган Б.Кны тергөө бөлүмүнө жеткиришкен.

Шектүүнүн айтымында, экөөнүн ортосундагы чыр ачык люктан улам келип чыккан. Эркек бир жарым жаштагы баласын шамал сокпосун деп люкту жаап койгон. Бирок, аял маршрутканын ичи өтө ысык болгондуктан люкту ачууну талап кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7476