92 кыргызстандык Түштүк Кореяга иштегенге кетти
RU

92 кыргызстандык Түштүк Кореяга иштегенге кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандын 92 жаранын Түштүк Кореяга иштөө үчүн жөнөттү.

Жөнөп бараткан жумушчулар 11-июлда, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушту. Базарбаев мыйзамдуу ишке орноштуруу Президент Садыр Жапаровдун "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгынын алкагында ишке ашып жатканын белгиледи.

"Убагында Түштүк Кореянын жарандары өнүккөн өлкөлөргө барып, андан кийин мекенине кайтып келип, аны жогорку өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жеткиргенин билебиз. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Түркия өз жарандарын Германияны калыбына келтирүүгө багыттап, бул адистер заманбап Түркияны курушкан.

Бүгүн биздин министирлик Япония, Улуу Британия менен келишим түзүп, Германия менен келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө андан тышкары Санкт-Петербургдун өкүлү болгон компаниялар менен жолугушуу өткөрдүк, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7487