Атамбаев Нуржигит Кадырбековго президент болгондо чындык көрүнбөй каларын айтты
RU

Атамбаев Нуржигит Кадырбековго президент болгондо чындык көрүнбөй каларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Нуржигит Кадырбеков камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кирип чыкты. Ал бул тууралуу АМАНАТ MEDiA ютуб каналындагы мотивациялык видео сабактарында билдирди.

"Жанындагы кеңешчилери паракор болсо, президентти алдап коет экен. Мисалы, бул жакка барыңыз, минтиңиз, буларга көз салбай эле коюңуз таза иштеп жатат, буларды согуңуз деп.

Өткөндө, ачыгын айтайын, Атамбаевге кирип чыктым. Бейтапканада жаткан экен, ооруган кишиге зыярат кылып коюш керек. Мен барсам, президент болгондо чындыкты көрө албай каларыңды, жаныңдагы кеңешчилериң дагы, өз кызыкчылыгын ортого коюп туруп кеңеш берерин айтты", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7490