2 жашар бала көчөдөгү ажатканага түшүп кетти
RU

2 жашар бала көчөдөгү ажатканага түшүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-июлда Ош районунун Учар айылында эки жашар наристе сырттагы ажатканага түшүп кеткен.

Маалыма болгондой, окуя тууралуу билдирүү 112 кызматына саат 13:18де келип түшкөн.

Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып, баланы ажатканадан алып чыгып, таякеси менен таежесине өткөрүп беришкен.

Бала медициналык кароодон өткөн, абалы жакшы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7494