Жарандык күйөөсүнөн кордук көргөн келиндин жакындары митингге чыгышты
RU

Жарандык күйөөсүнөн кордук көргөн келиндин жакындары митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну Мадина Исакова жарандык күйөөсү тарабынан сабалганын айтып Kaktus.media`га кайрылган. Айтымында, бир тууган агасы аны коргоо үчүн күйөө баласын сабаган. Натыйжада күйөөсүнүн бир көзү көрбөй калган. Бул үчүн агасы камакка алынганын, анын жазасын жеңилдетүүнү суранып, окуянын чоо-жайын айтып берген.

Бир күндөн кийин, тагыраагы 14-июлда Мадина Исакова редакцияга кайра кайрылды. Келин мурдагы күйөөсүнүн жакындары анын интимдик сүрөттөрүн жарыялайбыз деп коркутуп жатышканын белгиледи.

"Маалымат чыккандан кийин мурдагы күйөөмдүн тууганы коркутуу формасындагы аудио кат жөнөттү. Ал мени шантаж кылып, интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүмдү жарыялай турганын айтты. Бул монтаждалган сүрөттөр. Мен коркуп кеттим. Ал келип менин баламды алып кетеби деп корктум. Дүрбөлөңгө түштүм", - деди ал.

Ал арада Свердлов РИИБдин алдына Мадинанын жакындары митингге чыгышты. Алар кордук көрсөткөн күйөө дагы камакка алынышы керектигин талап кылышты.

Митингчилерге тергөө бөлүмдүн башчысы чыгып Мадинанын мурдагы күйөөсү эмне себептен эркиндикте жүргөнүн түшүндүрдү. Анын айтымында, тергөө иштери жүрүп жаткандыктан эч кандай бөгөт коюу чарасы колдонулбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7532