Бишкек-Балыкчы поездиндеги люкс-вагондун жол кире акысы белгилүү болду
RU

Бишкек-Балыкчы поездиндеги люкс-вагондун жол кире акысы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-июлдан тарта Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуучу поездге люкс-вагон киргизилет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Вагондо жалпысынан 51 орун болот. Мындан тышкары, чоң терезелер, заманбап телевизор, телефон менен ноутбукту заряддоо үчүн точкалар, муздатылган суусу бар кулер, муздаткыч, кондиционер бар.

Жол киренин баасы:

  • өзүнчө орунду ээлебеген беш жашка чейинки балдарга - акысыз;
  • 5 тен 10 жашка чейинкилерге - 250 сом;
  • 10 жаштан жогору - 500 сом;
  • 36 кг салмактагы кол жүк - бекер.

Айтылуу люкс вагондордун республика ичиндеги каттамдары 22-июлдан 31-августка чейин жүрөт.

Маалымат үчүн телефондор: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7585