Ууру үйгө кирип, баланын телефонун уурдаган. Шектүү жаран кармалды
RU

Ууру үйгө кирип, баланын телефонун уурдаган. Шектүү жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарында ууру үйгө кирип, баланын телефонун уурдаган. Мындай маалыматты Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Токмок ШИИБне 33 жаштагы У.А. атуу жаран арыз менен кайрылган. Себеби 2020-жылдын 2-декабрында, саат 19:00 чамасында, белгисиз адам алар жашаган батирге кирип, 2007-жылы туулган жашы жете элек кызына күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алган. Кылмышкер белгисиз тарапка качып кеткен. Арыз жазуучу чара көрүүну суранган.

Бул факт Токмок шаарынын ИИБ КЖБР катталып КРдин Кылымыш-жаза кодексинин 201 (тоноо) фактысы менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш чаралардын алкагында Токмок ШИИБнин кызматкери тарабынан бул кылмышка шектүү 39 жаштагы И.У жаранын аныктап, камакка алынды.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/75