Актёр жана вайнер Улан Эсенакуновдун үлпөт тою өтүүдө
RU

Актёр жана вайнер Улан Эсенакуновдун үлпөт тою өтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-июлда актёр жана вайнер Улан Эсенакунов менен жубайы Айдайдын ак тою өтүүдө. Үлпөт той борбордогу тойканалардын биринде белгиленип жатат.

Ак тойго түгөйлөрдүн жакындары, курбу, достору, санаалаштары келишти.

Белгилей кетсек, Улан Эсенакунов бир күн мурда 5 айдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошкон.

Улан Эсенакунов "Жер тоголок", "Чала спортик", "Доске", "Тиги-Бу" жана башка бир катар кыргыз тасмаларында роль жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7606