Москвада 2600дөй кызга тырмак жасаганды үйрөткөн ишкер айым менен маек
RU

Москвада 2600дөй кызга тырмак жасаганды үйрөткөн ишкер айым менен маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Динара Кудайбердиева көп жылдан бери Россияда сулуулук тармагында эмгектенип келет. Учурда өзүнүн салону жана окутуу борбору бар. Бул убакытка чейин 2600дөй мигрант кыздарга тырмак жасаганды үйрөткөн ишкер айым менен маектештик.

- Саламатсызбы Динара! Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Менин атым Динара, бирок көпчүлүк "Дина" дешет. Ош шаарынын Жаңы Араван айылынан болом. Учурда 26 жаштамын. Ар дайым колдоо көрсөтүп турган жолдошум, алты жаштагы кызым бар. Москвага 15 жашымда келгем. Бул жактан колледжди бүтүргөм.

- Учурда эмне менен алектенесиз?

Мен учурда өзүмдү ийгиликтүүмүн деп айта албайм. Ийгиликке умтулуп жүрөм, аракеттин үстүндөмүн. Учурда 3 бизнес менен алектенем. Маникюр жасаган студиям бар, ал жерде мигрант кыздарыбызды окутабыз. Ошол эле студиямдын экинчи этажында салон бар, 10 кыз иштейт, негизги кардарларыбыз өзүбүздүн эле мекендештер. Андан сырткары шейшеп саткан онлайн дүкөндү иштетем.

- Бул тармакта канча жылдан бери иштеп жатасыз? Кандай кыйынчылыктар болду?

Сулуулук жаатында жүргөнүмө 5 жыл болду. Бул аралыкта 2600дөй кызды окутупмун. Ар бир кыйынчылыктын артында жакшы жашоо бар. Өткөндү эстегим келбейт. Убагында менде дагы оор күндөр болгон. Башында орутсардын салонунда мастер болуп иштеп жүрдүм. Кийин кичинекей кабинет ижарага алдым. 1-2 кыз окута баштадым. Ал кыздар башкаларга айтып, анан кардарларым көбөйө баштады. Учурда бир айда 50 кыз окутуп жатабыз.

- Кыргызстанда дагы салон ачуу планыңызда барбы?

Ошто ачып көрдүм, жакшы иштеп баштады. Бирок, ал салонду жабууга мажбур болдум. Жок, банкрот болгонджон эмес, болгону Москвадагы салонума убактым жетпей калат экен. Ал жерде мени күткөн кардарларым, окуучуларым, кызматкерлерим бар. Мен аларга дем күч берип турушум керек. Буйруса, Кыргызстанга бизнес ачуу планымда бар, бирок кийинчерээк, анан дагы сулуулук тармагында болбойт.

- Чоң мегаполисте конкуренттериңиз болсо керек?

Албетте, конкуренттер болот. Бирок мен алар менен атаандашпайм, баарына жакшы мамиле кылам. Азыр мен окуткан окуучуларым дагы ар кайсы жерде иштеп жүрүшөт. Алардын ийгилигине өзүмдүкүнөн өтүп кубанам. Мен эч кимди конкурентим деп эсептебейм.

- Кыйынчылыктарды кантип жеңесиз?

- Мен мурда аябай ишенчээк, жайдары жүргөн кыз болчум. Азыр көп күлбөгөн, олуттуу Динага айландым. Мен өзүмдөн улуу 40-50 жаштагы эжелер менен көп сүйлөшөм. Алардын ар бир сөзүн кунт коюп угам, басып өткөн жолдорун анализдеп, алар кетирген каталарды кетирбегенге аракет кылам.

- Жолдошуңуз жөнүндө дагы айта кетсеңиз.

- Жолдошум сонун адам. Мени түшүнүп турат. "Жыгылсаң сабак болот, өсө бер" деп ар бир ачкан бизнесимди колдойт. Жол көрсөтөт, кыйын күндөрдө жанымда болот.

- Окурмандарга сизден кеңеш болсун.

- Кыргыз айымдары кыйын экенибизди унутпашыбыз керек. Бир планды баштап, анын артынан түшкүлө. Аракет кылганды токтотпогула. Бүгүн кризис болсо, эртең жаркын келечек болот. Эч качан муну унутпагыла.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7638