Патрулдук милиция поезд жолго уктап калган кишини ажалдан сактап калды. Видео
RU

Патрулдук милиция поезд жолго уктап калган кишини ажалдан сактап калды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте патрулдук милиция темир жолго уктап калган кишини ажалдан алып калды.

Милициянын кайгуул кызматкерлери күзөт жүргүзүп жатканда темир жол тосулуп, автоунаалар поезддин өтүп кетүүсүн күтүп, токтоп калган. Ошол учурда алар, темир жолдо адам жатканын байкап калышкан. Кайгуулчулар өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, жолдо жаткан жаранды куткарып калышат. Маалыматка ылайык, поезд катуу ылдамдык менен келе жаткан.

Окуя видеого түшүп калган. Анда поезд жүрүп келе жатканда, милиция жолдо жаткан адамга чуркап жөнөгөн.

Кийин ал киши өз жанын кыйгысы келбегени, жөн гана мас болгондуктан уктап калганы такталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7639