Садыр Жапаров быйыл канча өлкөгө, кандай иш сапары менен барды? Министрликтин отчёту
RU

Садыр Жапаров быйыл канча өлкөгө, кандай иш сапары менен барды? Министрликтин отчёту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын башынан бери президент Садыр Жапаров төрт иш сапары менен чет мамлекеттерге барып келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

  • 3-4-февралда президент Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу маселелерди талкуулоо үчүн Кытайга барды. Сапардын жыйынтыгында алты келишимге кол коюлду.

  • 19-21-апрелде президент Азербайжанга расмий сапар менен барды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация кабыл алынып, 20 эки тараптуу документтерге жана макулдашууларга кол коюлду.

  • 15-16-майда Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына арналган ЖККУнун саммитине катышты.

  • 17-майда Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болуп, БАЭнин башчысы шейх Халифа бин Заид Аль Нахайян менен коштошуу зыйнатына катышты.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Кыргызстанда чет мамлекеттердин, өкмөт башчыларынын жана ар кандай деңгээлдеги делегациялардын катышуусунда 18 иш-чара өткөрүлдү.

Тышкы иштер министри бул жолугушуулардын жана макулдашуулардын жыйынтыгын атады:

  • Кыргызстанда 300 мегаваттык күн электр станциясын курууну баштоо боюнча макулдашуу;
  • Чет өлкөдөгү 47 миң кыргызстандыкка миграциялык мунапыс берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
  • Россия тарабынан бюджетти колдоо үчүн грант бөлүү, ал эми гранттын биринчи бөлүгү 10 миллион доллар өлчөмүндө бөлүнгөн;
  • Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 8 миллион доллар бөлүүсү. Ал куткаруу техникалары түрүндө берилген;
  • Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү;
  • Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Казакстан аркылуу жол байланышын калыбына келтирүү;
  • Бир катар стратегиялык документтерге жана келишимдерге кол коюу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7646