"Не сахардын" алып баруучусу Умар Даданов суракка чакырылды. Видео
RU

"Не сахардын" алып баруучусу Умар Даданов суракка чакырылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Не сахар" долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов суракка чакырылды. Бул туралуу ал Kaktus.kg сайтына өзү тастыктады.

Дадановдун айтымында аны Оштогу "Манас Ата" кафесинин чуусу боюнча чакырышкан.

"Оштогу "Манас Ата" кафеси боюнча иш жүрүп жатыптыр, мени ошого чакырышты. Администратор аял мени өзбекче сүйлө дегени үчүн суралат экен. Мени көрсөтмө бересиң деп кабардар кылышты",- дейт алып баруучу.

Эске салсак, "Не сахар" долбоору Ош шаарына барып, "Манас Ата" кафесин текшерген. Анда жаңжал чыгып, администратор аялдын алып баруучуга "өзбекче билишиң керек" деген сөзү талкууга алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7647