4 жашар баланы тытмалап салган. Японияда маймылдар адамдарга кол салып жатат
RU

4 жашар баланы тытмалап салган. Японияда маймылдар адамдарга кол салып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Япониянын Ямагучи шаарында маймылдардын (макакалар) кол салып жатат. Андан 42 адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, макакалар алгач жаш балдар менен аялдарга асылып, кийин кары картандарга кол сала баштаган. Жабырлануучулардын айрымдарынын моюн, буттар, колу жана ичи тиштелсе, башкалардын денеси тытылганы айтылууда.

Мындай көрүнүш июль айынын башында башталган. Маймылдарды кармоо үчүн тузактар коюлуп, бирок натыйжа болгон эмес. Кийин аларды токтотуу үчүн полицияга транквилизатор атуучу тапанчалар берилген.

Негизи Япониянын көп аймактарында макакалар бар, бирок кол салуулар чанда гана кездешет.

Маймылдар мектептерге чейин кирип, ичиндеги кичинекей балдарга кол салганы да айтылып жатат. Турак жайга кирип келген маймыл 4 жашар баланы тытмалап жиберген.

Ямагата университетинин изилдөөчүлөрү мурун жоголуу коркунучунда калган макаклардын кайрадан көбөйүшү коркунуч туудурарын айткан. Анткени алар адамдар менен олуттуу чыр-чатакка баруусу мүмкүндүгүн белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7650