Новосибирскиде жигити сүйлөшкөн кызына 15 жолу бычак сайып салган. Видео
RU

Новосибирскиде жигити сүйлөшкөн кызына 15 жолу бычак сайып салган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-июлдун кечинде Новосибирск шаарында 17 жаштагы кызды жигити бычактап кеткен. Бул туурулуу Россия Федерациясынын Тергөө комитети кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 26-июль күнү кечинде шектүү менен маркум кыздын ортосунда кызганычтан улам чыр-чатак чыккан. Баладан качып бараткан кызды жигити кууп жетип 15 жолу бычак сайып салган. Кыз ошол жерден каза болуп, шектүү качып кеткен.

Кылмышка шектүүнү Новосибирск шаарынын Ленин районунан кармашкан. Ал мурда да соттолгон 27 жаштагы жигит болуп чыккан.

Учурда тергөө иштери жүруп жатканын кабарлашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7653