Актёр жана ырчы. Дүйнөнүн эң келишимдүү жигити аныкталды
RU

Актёр жана ырчы. Дүйнөнүн эң келишимдүү жигити аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөдөгү эң келишимдүү мырза деп кытайлык актёр жана ырчы Сяо Чжан аталды. Мындай тандоону Nubia журналы жарыялаган. Тандоого 189 өлкөдөн 11 миллиондон ашуун адам катышкан. Сурамжылоого ылайык, Чжанго 2,2 миллиондон ашык адам добуш берген.

Ал эми экинчи орунду түштүк кореялык музыкант жана актёр Ким Тэхён, үчүнчү орунду Кытайлык актёр, бийчи жана телеалпаруучу Ван Ибо алды.

Белгилей кетчү нерсе, талапкерлердин арасында Жастин Бибер жана Криштиану Роналду, Генри Кавилл, Том Холланд, Тимоти Шаламет сыяктуу жылдыздар да болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7661