Аялдардын ачык денесин, эттин баасына салыштырган имамдын ишин Башкы прокура иликтейт
RU

Аялдардын ачык денесин, эттин баасына салыштырган имамдын ишин Башкы прокура иликтейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Базардагы эттин баасынын өсүшүн аялдарга байланыштырган имам Садыбакас Дооловдун айткандарын УКМК эмес Башкы прокуратура иликтейт. Имамга карата арызды УКМКга Умай Арыкова баштаган жарандык активисттер жазган.

Арыкова имамдын айтканын тең укуктуулукка шек келтирет деп билдирген. Эгер бул иш кылмыш иши деп табылса имамга 50 миң сом айып салынат же эки жылга чейин соттолот.

Ал эми имам Садыбакас Доолов анын сөздөрү туура эмес түшүндүрүлүп калганын айтып келет.

Эскерте кетсек, имамдын "аялдардын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттайт" деген сөзү талкууга алынган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7666