Дипломдук иштерди англис тилинде жазуу сунушу айтылды
RU

Дипломдук иштерди англис тилинде жазуу сунушу айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Студенттерге айрым предметтерди англис тилинде окутса жакшы болмок. Мындай пикирин Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы Батыркул Баетов жогорку окуу жайлар жана илимди реформалоо боюнча брифингде билдирди.

"Жакшы адистерди даярдоону каалайбыз. Окуу жайларда 1-2-курстарда англис тилин жана IT-технологияларды окутууга өзгөчө басым жасашыбыз керек. Ал эми андан кийин атайын дисциплиналар дагы англис тилинде жүргүзүлүп, дипломдук иштер ушул тилде жакталса болмок", - деди Баетов.

Ошондой эле Баетов англис тилин тереңдетип үйрөнүү сунушу анын эле эмес, көп кесиптешинин пикири да ушундай экенин айтты. Бирок, бул бардык кесиптерге тиешелүү эместигин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7668