Кыргызстандык жигитке TikTok видеосу үчүн кылмыш иши козголду
RU

Кыргызстандык жигитке TikTok видеосу үчүн кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы Кыргызстандын жаранына терроризмди актаган деген айып коюлду.. Бул тууралуу Компромат маалымат каражаты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 26 жаштагы Озодбек Ахмаджановго TikTok социалдык тармагындагы видеосу үчүн айып тагылган. Ал баракчасын активдүү колдонгону айтылат. Ага "Террористтик аракеттерди жасоого ачык чакыруу, терроризмди ачык актоо же интернетти пайдалануу менен терроризмди пропагандалоо" боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, жаш жигит социалдык баракчасына элди терроризмге чакырып, "зордук-зомбулук идеологиясын актаган" видео жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7684