Жолдо бетке тээп, мушташып жаткандардын видеосу. Окуянын чоо-жайы аныкталды (видео)
RU

Жолдо бетке тээп, мушташып жаткандардын видеосу. Окуянын чоо-жайы аныкталды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында таксисттердин мушташы делген видео тараган. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Kaktus.kg сайтына билдиргендей, бул факт боюнча милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес.

Милиция кызматкерлери мушташ 26-июль күнү түнкү саат үчтөр чамасында Бактуу-Долоноту айылынын ипподромунун жанында болгонун аныкташкан.

"29 жаштагы жергиликтүү тургун А.У. аттуу жаран Чүй облусунда туулган 21 жаштагы А.М. аттуу жаранды сабап салган", - деп билдирди РИИБдин басма сөз кызматы.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда ошол күнү А.М. Бостери айылына эс алганы келип, кафеге барган. Ал жерден мурун 12 миң сом карызга алып турган таанышын жолуктуруп калат. Таанышы карызды качан бересиң деп доолаганда азыр мүмкүнчүлүгүм жок деп жооп берген. Ага жинденген таанышы кымбат кафеге келгенге шарты бар, ал эми карызын бергенге шарты жок болуп калат деп жемелеген. Ушундан улам экөө мушташа кеткен.

РИИБ бул факты боюнча чечим чыгаруу үчүн кошумча текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7719