Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр аныкталды
RU

Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея өткөрүп жүргөндөргө кылмыш ишин козгоду. Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Алар бир нече жылдан бери 2000 сомдон 3000 сомго чейин билет сатып мыйзамсыз лотереялык иштерди жүргүзүп келген. Анын бир эле турунда 2800 билет сатылып, автоунаалар, кыймылсыз мүлктөр да ойнотулган. Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жалпы жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы 70 миллион сомго жакын болгон.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7740