Эдил Байсалов Кыргызстанды жүдөгөн өрдөккө салыштырды
RU

Эдил Байсалов Кыргызстанды жүдөгөн өрдөккө салыштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 3-августта Башкыртстан менен Татарстандан келген ишкерлер менен жолугушууда сүйлөп жатып, Кыргызстанды жүдөгөн өрдөккө салыштырды.

"Биздин балалыгыбыз абдан оор болду. Ал учур көпкө узап кетти. Ошондой жүдөгөн өрдөктөй эмес, ак кууга айлансак деген кыялыбыз бар",- деди ал.

Бир күн мурун Бишкекке Татарстан менен Башкыртстандан бизнес делегация келген. Бүгүн делегация өкүлдөрүнүн жана кыргызстандык ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтүп жатат.

Делегациянын курамына экономиканын түрдүү тармактарында өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү менен алектенген 30га жакын орусиялык компаниялардын өкүлдөрү кирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7759