"Жолдошум менин колдоочум, музам". Хит ырларды комуз күүсүнө салган Чолпон менен видеомаек
RU

"Жолдошум менин колдоочум, музам". Хит ырларды комуз күүсүнө салган Чолпон менен видеомаек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон Мелисбекова комуз менен дүйнө кыдырып, кыргыздын музыкалык аспабын таанытып келет. Менин өнүгүп-өсүшүмө жакындарым түркү берет деген Чолпон менен маек.

Чолпон дүйнөлүк хиттерди жана мультфильмдердин музыкаларын комуздун күүлөрүнө салып, жаштарга да таанытканга аркет кылат.

"Мен окуу жайда кара күүлөрдү чертип үйрөнгөм. Бирок, оор күүлөрдү жаштар уккусу келбейт. Аларга түшүнүктүү, өз жаш курагана туура келген музыкаларды аткарсаң жагат. Менин балдарым да мульфильмдеги муузыкаларды чертсем угуп, кара күү чертсем комузуңду таштачы дей беришет. Балдарымды да комузга кызыктыруу үчүн аларга жаккан музыкаларды чертем анан ошол бүт элге жагып калат",- дейт комузчу.

Комузчу бул өнөрү менен көп өлкөнү кыдырып келгенин айтат.

Комузду Кыргызстанда жакшы баалашпай коюшу мүмкүн, бирок чет жакка чыкканда аябай кызыгуу менен кабыл алышат. Бул өнөрүм менен Кытай, Германия, Америка сыяктуу көп өлкөгө чыгып келдим

Ийгиликтерге жетишкениме менин жакындарым себепкер. Жолдошум өзү искуство адамы болбосо дагы мага идея берип, колуңдан баары келет деп турат. Хит ырларды алып чыгуу идеясын да жолдошум айткан. Жолдошум менин музам",- деп жылмаят ал.

Талантту айым бир гана комуз чертип тим болбостон ырдап, бийлеп да турат. Өзү жакшы ырдай албайм дегени менен үнү тунук чыгат экен. Видеомаекте анын ырдаганын уга аласыздар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7766