Москвада канализация тазалап жаткан эки кыргызстандык каза болду
RU

Москвада канализация тазалап жаткан эки кыргызстандык каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада канализация жаткан эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазып чыкты.

Люблино районунда арыкты тазалап жаткан 13 жумушчуну катуу жамгырдын айынан көбөйгөн суунун агымы агызып кеткен. Бешөө коллектордон өз алдынча чыгып, бешөөнү куткаруучулар алып чыккан. Ал эми үчөө табылбай калган. Көп өтпөй ал үчөө каза болгону маалымдалган.

Москва прокуратурасынын маалымат катчысы Людмила Нефедова көз жумгандардын экөө кыргызстандык экенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7800