Чолпон-Атада балдар аянтчасында ойноп жаткан кыздын манжасы жулунуп кетти
RU

Чолпон-Атада балдар аянтчасында ойноп жаткан кыздын манжасы жулунуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө беш жаштагы кыз жеке менчик пансионатындагы дөбөдө ойноп жатып, манжасынын бир бөлүгүн жулдуруп алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына кыздын апасы билдирди.

Анын айтымында, окуя 5-августта болгон. "Мен дагы эле өзүмө келе албай жатам. Менин абалымды элестетип жатсаңар керек",-деп ыйлады апасы.

Жабырлануучулар Ивановкадан Ысык-Көлгө барып, Чолпон-Атадагы "Зето" мейманканасында токтошкон. Кечки саат 18:30дар чамасында кызы менен балдар аянтчасына барышкан. Кызы ал жердеги дөңсөөдө ойноп жатып, бир маалда катуу бакырып ыйлаган. Апасы баланын жанына чуркап барса, анын манжасынын жарымы жок болгон. Көрсө, сол колунун аты жогунун жарымы дөңсөөдөн үзүлүп кеткен экен.

Кызды Бишкекке Улуттук госпиталдын микрохирургиясына алып келишкен. Анткени жергиликтүү бейтапкана эч нерсе кыла алышпасын айтышкан.

"Манжасынын жарымын кумдан табышты. Жеке тез жардам кызматы 30 миң сомго кызымды Бишкекке алып кетүүгө макул болду. Бул жактагы врачтар бармакты сактап калууга үмүт миллиондон бир дешти. Баарыбыз жакшылыкка үмүттөнүп жатабыз",-дейт жабыркаган кыздын апасы. Өз сөзүндө, пансионаттын жетекчилиги бул арада кызынын акыбалын бир ооз сурап койбогонун кошумчалады.

Кыздын ата-энеси милицияга арыз жазганга үлгүрүшкөн эмес.

Kaktus.media айтылуу пансионат менен байланышып, окуянын чоо-жайын сурады. Алар бул окуя болгонун тастыктап, дөңсөө эмне үчүн бузулганын иликтеп жатканын айтышты. Мындан тышкары, жабырлануучуларга компенсация төлөп берүүдөн баш тартышпайт турганын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7810