Быйыл окуу жылы качан башталат?
RU

Быйыл окуу жылы качан башталат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Жалпы билим берүү уюмдарында, башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат. Ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине да өзгөртүүлөр киргизилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2021-жылы балдар мектептерге жана ЖОЖдорго 15-сентябрдан баштап барышкан. Министрлер кабинети мындай чечимди эпидемиологиялык кырдаалга жана туристтик мезгилге байланыштуу реалдуу убакыт режиминде окутууга этап-этап менен өтүү менен түшүндүргөн. Быйыл ата-энелердин арыз-даттануусунан кийин Билим берүү министрлиги кайра 1-сентябрдан тарта баштоону чечкен

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7828