Боомдо тизесине чейин ылай болуп жол кыймылын жөнгө салган инспектор сыйланды
RU

Боомдо тизесине чейин ылай болуп жол кыймылын жөнгө салган инспектор сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боом капчыгайында тизесине чейин ылай болуп, жол кыймылын жөнгө салган жол кайгуул кызматынын инспектору сыйланды.

Маалым болгондой, 5-августта Боом капчыгайында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Натыйжада эки тарапка өтүүчү жол жабылган.

Окуяга күбө болгондор жол кайгуул кызматынын кызматкери тизесине чейин баткак сууда туруп жол кыймылын жөнгө салып жаткан видеосу менен бөлүшүшкөн.

Ал эми бүгүн, 9-августта Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги бул видеонун каарманы, милициянын прапорщиги Жалилдин Бейшенбаевге кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарганы үчүн ыраазычылык билдиришип, энчилүү саат менен сыйлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7831