Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук курунан ажырады
RU

Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук курунан ажырады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бусурманкул Абдибаит уулу "EFC" уюмунун чемпиондук курунан ажырады. Бул тууралуу айтылуу уюм социалдык баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Бусурманкул Абдибаит уулунун салмагы 65 килограмм 800 граммды болушу керек эле. Бирок салмакка түшүүдө 1 килограмм 400 грамм ашып кеткен.

Лиганын жобосуна ылайык чемпиондук курдан ажыратылды.

Ошого карабастан, ал 10-августта Бишкекте өтө турган "Eagle FC 49" турниринде беттешке чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7832