Машинасынын багажына буту, колу чыккан жаранды салып бараткан айдоочу кармалды. Видео
RU

Машинасынын багажына буту, колу чыккан жаранды салып бараткан айдоочу кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү авто унаасы арткы багажына колу-буту чыккан белгисиз жаранды салып бараткан видео тараган.

Көп өтпөй айдоочу кайгуул кызматкерлери тарабынан Ош базарынан табылган.

Тактоо учурунда 2001-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу унаанын багажындагы жаран агасы экендигин жана мас абалында болгондугун айтып, унаага батпай, өзүнүн макулдугу менен унаанын багажына салып, Ала-Арча эс алуучу жайынан шаарга алып келип жаткандыгын билдирген.

Айдоочуга карата авто ээнбаштык жасагандыгы жана айдоо учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн, 8500 сом айып салынып менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7901