Президенттин атынан айымдарга жоолук таратылды
RU

Президенттин атынан айымдарга жоолук таратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров тарабынан айымдарга жоолуктар берилди. Өлкөнүн муфтийи Замир кары Ракиев Бишкектеги имам Сарахсий мечитинде айымдарга жоолуктарды тапшырып, аялзатынын исламдагы ордун түшүндүрдү. Иш-чара 15-августта орун алганын Муфтияттан кабарлашты.

Муну менен катар Муфтияттын ишмердүүлүгү, аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан сабактар жана окуу курстары боюнча маалымат берилди. Анда ишемби жана жекшемби күндөрү Хадижа айымдардын окуу борбору атайын сабактарды өткөрүп жаткандыгы айтылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гульназ Исаева да иш-чарага катышып, 2021-2026-жылдарга карата кабыл алынган концепцияны түшүндүрүп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7923