Мектеп формасы классикалык стилде болот. Мэриянын түшүндүрмөсү
RU

Мектеп формасы классикалык стилде болот. Мэриянын түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкөнүн билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы түшүндүрмө берди.

Окуучулардын кийими жана анын түсү классикалык стилде болушу керек.

"Шаардын аймагында жогорудагы токтомго каршы келген башка мектеп формасы киргизилген эмес. Ушуга байланыштуу ата-энелерди ушул токтомдун нормаларын жетекчиликке алууну суранабыз", - дешти мэриядан.

Эгерде мектеп формасын сатып алууга мажбурлоо болсо директорлорго тартиптик жаза чаралары көрүлөрүн кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7931