Россия дизелдин экспортун кыскартты. Эми баа дагы көтөрүлүшү мүмкүн
RU

Россия дизелдин экспортун кыскартты. Эми баа дагы көтөрүлүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Россияда мунайды кайра иштетүү заводдору дизелдин эскпортун кыскартып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Кызматтын жетекчиси Кеңешбай Тайлаковдун белгилешинче, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башкармалык күйүүчү-майлоочу май рыногунун негизги ишкерлер менен жолугушуп баалар, жеткирүүлөр, көйгөйлүү жагдайлар жана бул чөйрөдө бааларды боюнча мындан аркы чаралар талкууланды.

Нефтетрейдерлердин айтымында, жыл башынан бери дизелдин баасы тоннасына 600, АИ 92 бензини 370 АКШ долларына чейин көтөрүлгөн учурлар болду. Акыркы айда Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда дизелдин дүң баасы 300 АКШ долларын түздү.

Ушуга байланыштуу күйүүчү майдын бул түрүнүн баасын көтөрүү зарылдыгы айтылды.

Күйүүчү май менен камсыздоочулардын жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу максатында нефтетрейдерлерге төмөнкүдөй сунуштар берилди:

  • бааларды кармап туруу, алардын баа саясатын тууралоо учун мумкун болгон бардык чараларды көрүү;
  • күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун толтуруу жана мунай продуктуларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө үчүн зарыл резервдерди камсыз кылуу;
  • "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так аткарууга;
  • май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу майлардын толук толтурулбагандыгынан улам көзөмөлдү күчөтүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна жол бербөө;
  • рынок конъюнктурасы өзгөргөн учурда профилактикалык чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен кызматка кайтарым байланышты камсыз кылуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7957