Ислам оюндары жыйынтыкталды: Кыргызстан канчанчы орунду алды (сүрөт, видео)
RU

Ислам оюндары жыйынтыкталды: Кыргызстан канчанчы орунду алды (сүрөт, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ислам шериктештиги оюндарынын жабылуу аземи өттү. Ага Түркиянын жаштар жана спорт министри, Ислам шериктештиги спорт федерациясынын (ISSF) президенти, Сауд Аравиянын спорт министри катышышты.

Оюнга жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту - 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Салттуу жаа атуу спорту улуттук спорттун түрү болгондуктан жалпы медалдык эсепке киргизилген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7980