Ысык-Көлдө күйөөсү аялын балдарынын көзүнчө сабады. Видео
RU

Ысык-Көлдө күйөөсү аялын балдарынын көзүнчө сабады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 21-августта Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Радуга" эс алуу борборунда күйөөсү аялын балдардын көзүнчө сабап салды. Бул тууралуу видео интернетте тарады.

Окуянын күбөлөрү аялды жолдошу балдарынын көзүнчө сабаганын, кийин ал эс-учун жоготуп жерге жатып калганын жазган.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул боюнча милицияга арыз түшкөн эместигин айтышты. Кийин териштирүү иштери жүрүп, айтылуу жерге милиция кызматкерлери барышкан. Бирок аял арыз жазуудан баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8014