Үйдөн миллиондон көп акча уурдап кеткен эки жаран кармалды
RU

Үйдөн миллиондон көп акча уурдап кеткен эки жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жеке үйлөрдүн биринен ири суммадагы уурулук фактысына шектүүлөрдү кармашты.

Милициянын маалыматына караганда, 25-июнь күнү РИИБге Т.М аттуу жаран кайрылып, саат 05:30 чамасында Көк-Жар конушундагы жеке үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип, 1 миллион 200 миң сомун уурдап кетишкенин билдирген.

РИИБден 22-августта билдиргендей, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алар 1988-жылы туулган Ч.З. жана 1986-жылы туулган К.Н. болгон. Алар СИЗО-1ге жөнөтүлдү.

Кармоо учурунда шектүүлөрдөн медициналык бет кап, кол кап, шаймандар, алтын саат жана 2,5 гр апийим табылган.

Кармалгандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Милиция кармалгандардын аракетинен жабыркагандар же маалыматы барлар 0703 33 32 01, 0702 07 12 63, 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8019